Tuesday, 31 March 2020, 23:19:35 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Башкы Катчысы Түрк Кеңешинин Башкы Катчысы менен жолугушту

2018-жылдын 1-октябрында Башкы Катчы Алтынбек Мамаюсупов таанышуу иш сапарынын алкагында Түрк Кеңешинин жаңы шайланган Башкы Катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Башкы Катчы А.Мамаюсупов Б.Амреев мырзаны өз милдеттерине киришкени менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Жолугушуу жүрүшүндө Башкы Катчылар өзүлөрүнүн уюумдарынын алдыдагы ишмердиктери боюнча маалымат бөлүшүп, Түрк тилдүү институттардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн жолдорун жана алардын ортосунда кызматташтык менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пикир алмашышты.