Tuesday, 31 March 2020, 22:33:57 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Милли Межлисте Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

2018-жылдын 21-сентябрында Милли Межлисте Азербайжан парламентинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага бир катар өлкөлөрдүн улуттук парламенттеринин жетекчилери менен өкүлдөрү, Бакуда аккредиттелген эл аралык уюмдар менен дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев аталган салтанатка катышып, сөз сүйлөдү.

Ал эми Милли Межлис Төрагасы Октай Асадов салтанаттуу жыйындын катышуучуларына кош келиңиздер деп, 2018-жылда Азербайжан Демократиялык Республикасынын жана анын парламентинин түзүлүшү менен жаңы тарыхый шартта азербайжан элинин мамлекеттүүлүк потенциалынын жаралгандыгын жана көз карандысыздык максатынын ишке ашкандыгын баса белгиледи. Октай Асадов демократиялык жана светтик жолдо ишенимдүү жасалган кадамдар бир эле Азербайжандын эмес баардык чыгыш мусулман дүйнөсүнүн саясый турмушуна жаңы баракча ачкандыгын билдирди.

Иш-чара Азербайжан парламентинин 100 жылдыгы жөнүндөгү документалдуу фильмдин көрсөтүлүшү жана катышуучулардын куттуктоо сөздөрү менен уланды.

ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамюсупов дагы аталган салтанаттуу жыйынга катышты.