Tuesday, 31 March 2020, 20:15:30 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясы өзүнүн 4-жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Туркиянын парламентчилеринин катышуусунда Бишкек шаарында (Кыргызстан) өттү. Жыйында “Гендик модификацияланган организмдерди таркатуунун таасири” темасында талкуу жүрдү.

4-жыйын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Ахлиман Амираслановдун жетекчилиги астында өттү. Комиссия төрагасы А.Амирасланов өз сөзүндө 2018-жылдын 16-апрелинде Стамбул шаарында өткөн “Гендик модификацияланган организмдер: мыйзамдар жана иш жүзүндө” темасындагы семинардын маани-маңызын баса белгилеп, анда мүчө-өлкөлөрдүн эксперттери бул маселе боюнча улуттук деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча толук маалымат бергендигин айтты. Ошону менен катар комиссия төрагасы ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдө бул жааттагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана минималдуу тобокелчиликтеги илимий ачылыштарга жетишүү зарылдыгын билдирди. Ошону менен катар А.Амирасланов Комиссия тарабынан бул жаатагы азыркы кырдаал тыкыр талдоого алынып, мыйзамдардагы кемчиликтер аныкталып чыгылып жана мүчө-өлкөлөрдүн бул маселе боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү керектигине көңүл бурду.

Комиссия мүчөлөрү ГМО боюнча мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу потенциалын талкуулап, мындай олуттуу маселеге көзөмөл механизмдерин күчөтүү зарылдыгын ортого салышты.

Комиссия жыйынында бул маселе боюнча Комиссия төрагасынын орун басары, Түркия Улуу Улуттук Жыйынын мүчөсү Режеп Шекер жасаган баяндама менен сунуштама жана ошондой эле Комиссия катчысы Эмин Гасанов баяндама жасаган Стамбул семинарынын жыйынтыктары жактырылды. Бул документтер 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйынына сунушталмакчы.