Tuesday, 31 March 2020, 21:06:00 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору тарабынан уюштурулган семинарга катышты

2018-жылдын 11-12-сентябрь күндөрүндө Ташкент шаарында (Өзбекстан) Превентивдүү дипломатия аркылуу Борбор Азиядагы кызматташуунун алкагында Ооганстан маселелеринде парламенттердин орду боюнча семинар болуп өттү. Иш-чарага Борбордук Азия жана Ооганстан парламентчилери, Өкмөт мүчөлөрү, стратегиялык институттардын эксперттери катышты. Бул иш-чараны Бириккен Улуттура Уюмунун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору “Стратегиялык диалог” аттуу ар жылкы жыйынынын алкагында уюштурган.

Семинардын катышуучулары конфликттерди алдын алуудагы жана тынчтык орнотуудагы парламентчилердин ордун, туруктуу өнүгүү максаттарын иш жүзүнө ашырууда Борбор Азия парламенттерин күчөтүү жана ошондой эле ортомчулукта жана сүйлөшүүлөрдө аял-парламентчилердин ордун талкуулашты. Ооганстандан келген өкүлдөр Борбор Азия жана Ооганстан үчүн жалпы маселеге айланган туруктуулук жана коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн парламенттер аралык диалогдун маанисин баса белгилешти.

ТҮРКПА Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз аталган семинарга катышып, “Превентивдүү дипломатияны ишке ашырууда азыркы регионалдык парламенттик кызматташуунун орду жана Борбор Азияны саясый жактан өнүктүрүүдө Ооганстандын ролу” аттуу жыйынга модераторлук кылды. Али Йылдыз өз сөзүндө ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, түрк дүйнөсүнүн этникалык, маданий жана тарыхый карым-катнаштарына байланыштуу мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы саясый диалогду мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана парламенттик дипломатия аркылуу аймактык жана глобалдуу коопсуздукту сактоого багытталган ар кандай демилгелерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Ассамблеянын башкы максаты болуп саналаарын белгиледи. Ошентип, ТҮРКПА регионалдык деңгээлдеги ийкемдүү диалогдун негизинде жаралган жетишкендиктерге, натыйжаларга багыт алган мыкты платформа түзүп берет.

Иш-чарада аймактык парламенттик кызматташуунун алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүүгө жана конкреттүү инструменттер, механизмдер жана платформалардын жардамы менен коопсуздукка жана туруктуулукка болгон ички жана тышкы коркунучтарды чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.