Tuesday, 31 March 2020, 20:48:02 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Кыргызстанда Түрк Кеңешинин 6-саммити болуп өттү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин (Түрк Кеңеши) 6-саммити 2018-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан) болуп өттү.

“Жаштар жана улуттук спорттун түрлөрү” ураанынын астында өткөн саммитке Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, ал эми Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан мейман катары катышты.

Ошондой эле саммитте ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов жана Түрк маданияты жана мурастары фондунун президенти Гүнай Афандиева болду.

Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары сөз сүйлөп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө болгон көз караштары менен бөлүштү. Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчылары Түрк Кеңешинин акыркы иш-чаралары, анын ичинде 5-саммиттен кийин ишке ашырылган долбоорлор менен демилгелер жөнүндө маалымат алышты.

6-саммитте Түрк Кеңешинде Венгрияга байкоочу макамын берүү, түрк тилдүү өлкөлөрдүн интеграция концепциясынын бекитилиши, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү кабыл алуу менен жаштар жана улуттук спорттун түрлөрү жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Биргелешкен билдирүү кабыл алуу сыяктуу маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Ошону менен катар саммитте мамлекет башчылары кол койгон чечим менен Түрк Кеңешинин Башкы катчылыгына Багдад Амреев, анын орун басары кызматына Өмер Кожоман, Түрк Академиясынын президенти кызматына Дархан Кыдырали жактырылды.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчылары Түрк Кеңешинин 6-саммитинин Чолпон-Ата декларациясына кол коюшуп, Түрк Кеңешинин 7-саммитине сунуштала турган Түрк кеңешине катыштыгы бар уюмдары менен мүчө-мамлекеттердин тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин даярдала турган концептуалдуу документтин негизиндеги түрк интеграциясынын натыйжалуулугун арттыруу зарылдыгын баса белгилешти.

Мындай маанилүү чечимдер менен катар эле Түрк Кеңешине төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөрүлдү.

6-саммиттин жүрүшү менен кошо Чолпон-Атада жогоруда аталган мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү.