Tuesday, 31 March 2020, 23:23:45 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрликтеринин кеңешме жыйыны Бишкекте өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (Түрк Кеңеши) 6-саммитинин алкагында 2018-жылдын 2-сентябрында Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрликтеринин кеңешме жыйыны болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.

Жолугушууга Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мавлюд Чавушоглу, Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Рамис Гасанов катышты. Ал эми Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сиджарто иш-чарага мейман катары келди.

Тышкы иштер министрлери Түрк кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө 4 жылга отчет, анын ичинде 2015-жылы Астанадагы 5-саммит өткөндөн тартып иш жүзүнө ашырылган долбоорлор менен жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат беришти.

Кыргыз эл жазуучусу, Түрк Кеңешинин Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Бексултан Жакиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Афандиева жогоруда аталган жыйынга катышып, өз ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат беришти.

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов министрлерге Ассамблеянын акыркы иш-чаралары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Ассамблеянын учурдагы иштеринин негизги аспектилери боюнча маалымат берди. Өз сөзүндө Алтынбек Мамаюсупов ТҮРКПА түрк кызматташтыгы боюнча органдардын долбоорлору, демилгелери жана милдеттери үчүн тийиштүү укуктук жана ченемдик база түзүүгө умтулуп жаткандыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу Алтынбек Мамаюсупов министрлерге Катчылыктагы түрк интеграциясы үчүн негиз болуп берүүчү типтүү мыйзамдарды иштеп чыгуу максатында эксперттик потенциалды топтоого байланыштуу башталган иштер жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жыйын-кеңешмеде тышкы иштер министрлери түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташуусун дагы кеңейтүүгө багытталган кадамдарды талкуулашты. Алар кыргыз тарапка Ысык-Көлдө башталып жаткан 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн тилектерин айтып, улуттук оюндарды өнүктүрүү зарылдыгын билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин ортосундагы транспорт, экономика, соода жана туризм жаатындагы кызматташууларды бекемдөө тууралуу дагы сөз болду. Ошону менен катар регионалдык жана региондор аралык кызматташууну тереңдетүү, түрк мамлекеттери менен жалпы маданий жана тарыхый байланыштары болгон Венгриянын Түрк Кеңеши менен мамилесин өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

Жолугушууда тышкы иштер министрлери Түрк Академиясынын жана Түрк маданияты жана мурастары фондунун, ошондой эле Түрк Академиясындагы Венгриянын макамы жөнүндө бир катар кошумча документтерге кол коюшту. Ошентип министрлер 3-сентябрда мамлекеттик башчылары кол кое турган тиешелүү документтер жана Саммиттин декларациясынын үстүндөгү иштерин жыйынтыкташты.

Жолугушуу соңунда ТРТ AVAZ жана Катчылык тарабынан даярдалган “Азыркы Жибек жолу” фильми көрсөтүлдү. “Азыркы Жибек жолу” биргелешкен долбоорунун максаты алгач биргелешкен турдун алкагында Түрк Кеңешине мүчө-өлкөлөрдү бириктирүү жана Жибек жолунан түрк элдерерине чейин жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү бай маданий жана тарыхый мурастар менен таанышуу болуп саналат. Тышкы иштер министрлери долбоорду колдоого алып, анын кеңири аудиторияга ээ болуусуна жетишүүсүн мындан ары дагы колдоосун улантышаарын билдиришти.