Tuesday, 31 March 2020, 22:46:46 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Байкоочулары Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча билдирүү жазашты

ТҮРКПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын курду. Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин депутаты ТҮРКПАнын Байкоочулар миссиясынын төрагасы Ахлиман Амирасланов Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ТҮЁРКПАнын программасы боюнча маалымат берди.

Миссиянын курамында Казахстан Республикасынын Парламенттеринен Нурлан Дулатбеков, Нариман Турегалиев, Бекмырза Еламанов жана Мухтар Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын Парламентинен Максат Сабиров жана Закир Шарапов шайлоонун өтүшү боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Байкоочу миссия Түркиянын борбору Анкара шаарында 40 жакын шайлоо участокторунда болушту. Андан соң 3 шайлоо участогунда добуштарды саноо иш-чарасына байкоо салышып, шайлоо участокторундагы жоопту кызматкерлер менен жана шайлоочулар менен баарлашты.

Шайлоодон бир күн мурун байкоочулар Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гувен мырза менен жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Аталган жолугушууда байкоочуларга шайлоого даярдык көрүү иш-чаралары жана Түркиядагы алдынкы саясий күчтөрдүн шайлоо платформалары менен саясаты тууралуу толук маалымат беришти.

Байкоочу миссия шайлоо участокторунда эч кандай мыйзам бузууларды байкаган жок. Тиешелүү органдар шайлоолорду өткөрүү үчүн жакшы камсыздалган жана кесипкөй даярдыктан өткөрүлгөн. Миссия 2018-жылдын 24-июнунда Түркия Республикасындагы президенттик жана парламенттик шайлоо Түркиянын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген жыйынтыкка келген.

Statement