Tuesday, 31 March 2020, 23:29:34 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын байкоочулары Азербайжандын расмий жетекчилери менен жолугушту

2018-жылдын 10-апрелинде курамына Казакстан Парламентинин Мажилис депутаты Берик Оспанов, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дүйшөн Төрөкулов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Халык Ипек менен Жейхун Иргил жана ТүркПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Башкы катчынын орун басарлары Фуад Алакпаров, Наурыз Айдаров жана Али Йылдыз кирген ТҮРКПАнын Байкоочулар миссиясы Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин Төрагасы Октай Осадов менен жолугушту. Милли Межилистин Төрагасы Октай Осадов байкоочуларды жылуу кабыл алып, Азербайжандагы шайлоолорго түрк кызматташтыгы боюнча пардаменттердин өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүшүнүн маанисин баса белгиледи. О.Асадов бул өңүттөн алганда ТҮРКПА шайлоолорго байкоо жүргүзүшү менен эл аралык айдыңда таанымалдыгын арттырып жатканын айтты. Милли Межлистин Төрагасы Азербайжандын демократиялык шайлоолор боюнча эл аралык милдеттемелерин дагы кошумчалады.

Байкоочулар миссиясынын башчысы Халык Ипек ТҮРКПА Азербайжандын жана башка мүчө-өлкөлөрдүн буга чейинки эле президенттик жана парламенттик шайлоолоруна байкоо жүргүзүп келгендигин белгилеп, Ассамблея алкагында өлкөлөр ортосунда конкреттүү кызматташуу формасы түзүлгөндүгүн билдирди.

Ал эми Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Махмуд Мамед-Гулиев менен болгон жолугушууда тараптар түрк кызматташтыгынын келечеги жөнүндө пикир алышты. Тышкы иштер министринин орун басары Махмуд Мамед-Гулиев түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу институттарын өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык кызматташуу деңгээлинде өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Буга байланыштуу ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда натыйжалуу экономикалык кызматташуунун өзгөчө маанисин жана мындай алакалар үчүн мыйзам чыгаруу базасын өнүктүрүүдө ТҮРКПАнын салымын баса белгиледи. Ошондой эле Махмуд Мамед-Гулиев ТҮРКПА менен Түрк кеңешинин шайлоолорго бирдиктүү байкоо жүргүзүү демилгесине жогору баасын берди.

Ошл эле күнү ТҮРКПА байкоочулар миссиясы Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Мазахир Панохов менен жолугушту. Мазахир Панохов Байкоочулар миссиясына президенттик шайлоого карата даярдыктар, шайлоо тилкелерин материалдык-техникалык жактан камсыздоо аркылуу жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу учкай маалымат берди. ТҮРКПАнын Байкоочулар миссиясынын башчысы Халык Ипек шайлоо алдында тынч маанай байкалгандыгын айтып, шайлоо ачык-айкын, адилетүү өтөөрүнө ынанып жаткандыгын билдирди.