Tuesday, 31 March 2020, 23:46:25 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Парламенттер аралык Ассамблеянын 138-жыйыны өттү

Парламенттер аралык Ассамблеянын 138-жыйыны жана ага байланыштуу жолугушуулар 2018-жылдын 24-28-март күндөрүндө Женева шаарында (Швейцарияда) болуп өттү.

Ассамблеянын күн тартибине миграция тууралуу глобалдуу макулдашууга парламенттердин салымын күчөтүү, туруктуу өнүгүүгө негиз болгон тынчтыкты колдоо, саясатка аялдардын аз аралашуу көйгөйүн чечүү, энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө жеке секторлорду тартуу, туруктуу коомчулукту куруу сыяктуу маанилүү маселелер камтылган. Ассамблея жыйынына жүздөн ашуун өлкөнүн парламентчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Парламенттер аралык Ассамблеянын уставдык органдары, ага кирген Башкаруучулар Кеңеши, туруктуу комитеттер, Адам укуктары жана Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча комитети жана ошондой эле Депутат-айымдардын форуму, Жаш парламентчилер форуму тарабынан уюштурулган жыйында баяндамалар угулуп, күн тартибиндеги темалар талкууланды.

ТҮРКПАнын атынан Парламенттер аралык Ассамблеянын 138-жыйынына ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз катышты. Али Йылдыз өз баяндамасында ТҮРКПАнын уюушулушу, анын түзүмү жана ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, инновациялык ишмердүүлүк боюнча ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин тажрыйбалары тууралуу кеп кылды.