Tuesday, 31 March 2020, 19:35:40 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Африка жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча Кранс-Монтана форумуна катышты

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов 2018-жылдын 16-20-март күндөрүндө Марокконун Дахла шаарындагы Африка жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча Кранс-Монтана форумуна катышып келди.

Форум бир топ мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, парламентчилердин жана Африка, Түштүк-Түштүк жана башка региондордун ишмерлер чөйрөлөрүнүн жетекчилеринин башын бириктирди.

Күн тартибине урбанизация, океандарды башкаруу, Африка жана Жибек жолундагы өлкөлөрдө айыл чарбасы, туруктуу өсүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, парламенттеги жаштар жана гендердик теңчилик, миграция, климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлөр коюлган бул форумга дүйнө жүзүнөн 2000ден ашуун өкүл жана 43 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Кранс-Монтана форумунун президенти Пьер-Эммануэль Квирин, TRACECAнын Башкы катчысы Мирчей Сиопрага, Эл аралык энергетика форумунун Башкы катчысы Сунь Сианьшенг, Индонезиянын элчиси, тышкы саясат коомчулугунун негиздөөчүсү Дино Патти Жалал жана башка катышуучулар менен жолугушууларды өткөрдү.

ТҮРКПАнын Кранс Монтана форуму менен кызматташуусу 2016-жылдын Брюсселдеги Мекен жана глобалдык коопсуздук боюнча форумунда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында өттү.