Monday, 20 March 2023, 14:08:24 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Баку глобалдык форуму өз ишин баштады

2018-жылдын 15-мартында Азербайжандын борбор калаасы Бакуда «Инклюзивдүү коомду түзүүдөгү кемчиликтерди түзөтүү» аталышындагы Баку глобалдык 6-форуму өз ишин баштады. Форум Азербайжандын Диаспоралар боюнча мамлекеттик комитети жана Низами Ганжеви атындагы эл аралык борбор тарабынан колдоого алынып, ага дээрлик 50 мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде азыркы жана мурунку мамлекет башчылары, өкмөт башчылары, белгилүү саясатчылар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башка белгилүү коомдук ишмерлер катышууда.

Форумдун ачылыш аземине Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев жана биринчи вице-президент Мехрибан Алиева катышып, Азербайжан башчысы сөз сүйлөдү. Иш-чаранын ачылышында, ошондой эле, Албаниянын Президенти Илир Мета, Македониянын Президенти Георге Иванов, Молдавия Президенти Игорь Додон, Босния жана Герцеговина президенти Младен Иванич, Түркия Премьер-министри Бинали Йылдырым, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз, Палестина Премьер-министринин орун басары Зиад Абу Амр, Босния жана Грецеговина Ɵкмөт башчысынын орун басары Мирко Шарович жана Румыниянын вице-премьер-министри Ана Бирхолл дагы сөз сүйлөштү.

Форумдун алкагында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугушту. ТҮРКПА менен Түрк Академиясынын ортосунда 2014-жылы түзүлгөн кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында эки институттун келечектеги кызматташтыгы тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.