Анкарада Эл аралык түрк тилинин (тилдеринин) күнүн сунуштоо боюнча консультативдик кеӊешме болуп өттү
Эл аралык түрк тилинин (тилдеринин) күнүн сунуштоо боюнча консультативдик кеӊешме 2018-жылдын 9-мартында Анкарада Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкармалыгы алдында түрк кызматташтык институттарынын, ЮНЕСКО иштери боюнча Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан улуттук комиссияларынын, дипломаттардын жана эксперттердин катышуусу менен өттү. ТҮРКПАнын атынан өкүл катары ТҮРКПАнын Маданий, гуманитардык жана социалдык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Саида Армина катышты.
Катышуучулар Эл аралык түрк күнүн (күндөрүн) майрамдоо боюнча ой –пикирлерин ортого салышып, ЮНЕСКОнун ар кайсы тилдердин эл аралык күндөрүн белгилөө боюнча калыптанып калган тажрыйбасын мисал келтирүү менен ар кандай сунуштарын айтышты.
Тараптар түрк тилин (тилдерин) белгилөөнүн так күнүн, анын терминологиясын жана негизделишин аныктап-тактоо маселелерин да талкуулашты. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгына кирген бардык мүчө- мамлекеттер бул маселе боюнча өз расмий сунуштарын жибере турган чечимге келишти.
Кеӊешменин алкагында катышуучулар түрк дүйнөсүнүн 2018-жылдагы маданий борбору болгон Кастамону шаары менен таанышты. Меймандарды
бул шаардын губернатору Ясар Карадеңиз мырза жана Кастамону шаарынын мэри Тахсин Бабас мырзалар кабыл алышты.