Wednesday, 14 November 2018, 09:08:57 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Кара деңиз экономикалык кызматташтык Парламенттик Ассамблеясында (КЭКПА) Башкы катчылардын 2-жолугушуусу болуп өттү

Кара деңиз экономикалык кызматташтыгынын Парламенттик Ассамблеясында (КЭКПА) байкоочу макамы бар парламенттер аралык уюумдардын Башкы катчыларынын катышуусу менен КЭКПАга мүчө парламенттердин Башкы катчыларынын экинчи отуруму 2018-жылдын 6-мартында Стамбулда өттү.

Жолугушуунун башкы темасы «КЭКПАнын 25-жылдык мааракеси: Келечектеги парламенттер аралык кызматташтык боюнча чакырыктар жана үмүттөр» деп аталды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов ТҮРКПА байкоочу макамынын алкагында ТҮРКПА менен КЭКПАнын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикирин билдирди.

Өз кезегинде А.Мамаюсупов Кара деңиз аймагы менен түрк тилдүү өлкөлөр байыркы Жибек жолунун ажырагыс бөлүгү болуп саналаарына көңүл бурду жана аталган эки Ассамблея ортосундагы практикалык кызматташтык маселесине токтолду.

Башкы катчы аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды жандандыруу максатында парламентарийлер менен бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында диалогду өнүктүрүү маанилүү экендигин баса белгиледи.