Башкы катчы Анкарада жолугушууларды өткөрдү
2018-жылдын 21-февралында Анкарага жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) жана ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү Экрем Эрдем, ТУУЖ Башкы катчысы Мехмет Али Кумбузоглу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Вице-Президенти Мехмет Сүрейа Эр ошондой эле Түркиянын архитекторлор жана инженерлер бирлигинин (ТАИБ) Башкы катчысы Илияс Демирчи менен дагы жолугушту.
Жолугушуу жүрүшүндө ТУУЖ Башкы катчысы Кумбузоглу менен Башкы катчы А.Мамаюсупов биргелешкен иш аракеттер менен мүчө парламенттердин Башкы катчыларынын (Аппарат жетекчилеринин) жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты.
ТУУЖ депутаты Экрем Эрдем менен Башкы катчы А.Мамаюсупов ТҮРКПАнын иш аракеттери жана ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн тили, алфавити жана маданиятына байланышкан маселелердин тегерегинде ой бөлүшүштү.
Башкы катчы А.Мамаюсупов ТИКАнын Вице-Президентине уюмдар арасындагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, ТИКАнын ТҮРКПАга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар келечекте мүмкүн болгон кызматташтык боюнча маселелерди дагы талкуулашты.