ЕККУПАнын кышкы сессиясы болуп өттү
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеянын (ЕККУПА) 17- кышкы сессиясы 2018-жылдын 22-23-февралында Вена шаарында, ОБСЕнин Хофбургдагы штаб-квартирасында болуп өттү.
Жолугушууда «жалган маалымат» таратуу, климаттын өзгөрүүсү, терроризм, миграция жана куралданууну көзөмөлдөө сыяктуу маселелер талкуунун башкы темасы болду. ОБСЕге мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери эл аралык абал чыңалып турган маалдарда сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, диалогго келүү зарылдыгын дагы көӊүл сыртынан кетиришкен жок.
Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов ЕККУПАнын кышкы сессиясына мейман катары катышып, ал жерден ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн ЕККУПАдагы делегация мүчөлөрү менен жолугушту. Ошондой эле Ɵзбекстан Парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары жана ЕККУПАдагы өзбек делегациясынын башчысы Борий Алиханов менен да жолугушту.
А.Мамюсупов ЕККУПАнын Башкы катчысы Роберто Монтелла жана ЕККУПАнын Венадагы Атайын өкүлү, элчи Андреас Нотелла менен жыйындан сырткары жолугушуп сүйлөштү.
Тараптар ЕККУПА менен ТҮРКПАнын келечектеги кызматташуусун талкуулашып, конкреттүү багыттар боюнча кызматташуунун механизмдерин өнүктүрүү тууралуу ой-пикирлери менен бөлүшүштү.