Friday, 16 November 2018, 19:41:58 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Түркия парламентинде бир катар жолугушууларды өткөрдү

2018-жылдын 22-февралында Анкарага жасаган иш сапарынын соңунда Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Фейзуллах Кыйыклык, Түркия парламентинин депутаты Тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Волкан Бозкыр жана Түркия парламентинин депутаты Түркия-Азербайжан парламенттер аралык достук тобунун башчысы Неждет Үнүвар менен жолугушту.

Фейзуллах Кыйыклык менен болгон жолугушууда тараптар 2018-жылы ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын төртүнчү жыйыны, таштанды калдыктарын кайра иштетүү жана (ГӨО) боюнча Стамбулда өтө турган семинар тууралуу пикир алмашышты.

Волкан Бозкыр менен болгон жолугушууда негизги тема ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин Эл аралык байланыштар боюнча комитеттернин биргелешкен отурумун өткөрүү болду.

Ал эми Неждет Үнүвар менен болгон жолугушууда тараптар ТҮРКПАнын алдыдагы максаттары менен иш аракеттерине байланышкан маселелерди талкуулашты.

Жолугушуудан кийин Башкы катчы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Илимий изилдөө бөлүмүндө болду.

Аталган жолугушууларга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз дагы катышты.