Saturday, 01 April 2023, 02:12:51 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Түркия парламентинин спикери И. Кахраман ТҮРКПАнын Башкы катчысы А. Мамаюсуповду кабыл алды

2018-жылдын 20-февралында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахрамандын кабыл алуусунда болду.

Түркия парламентинин төрагасы И.Кахраман мүчө-өлкөлөрдүн этникалык, маданий жана тарыхый байланыштарынын жана курамында түрк институттарынын кызматташтыгынын жалпылыгына байланыштуу регионалдык интеграция платформасы катары ТҮРКПАнын маанилүү ордун баса белгиледи. Ошону менен катар И.Кахраман ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы мындан аркы кызматташтык иштерине Түркия толук колдоо көрсөтө тургандыгын тастыктап, Ассамблея алкагындагы төрт өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө ТҮРКПА Катчылыгын ролуна өзгөчө көңүл бурду.

Башкы катчы А.Мамаюсупов Түркия парламентинин спикерине ТҮРКПАга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, Катчылыктын 2018-жылга карата мерчемделген иш-чаралардын планы тууралуу учкай маалымат берди.

Тараптар Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйыны жана ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган иш-чаралары жөнүндө пикир алышты.

Эске салсак, жолугушууга Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Протокол жана тышкы байланыштар боюнча департаментинин башчысы Жемаледдин Түней жана ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз катышты.