Wednesday, 24 February 2021, 21:16:12 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

TДМБ Башкы катчысы менен жолугушуу өттү

2018-жылдын 16-февралында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Түрк дүйнөсүнүн Муниципалитеттер бирлигинин (ТДМБ) Башкы катчысы Фахри Солак мырза менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар ТҮРКПАнын алдыдагы ишмердиги жана Бирлик менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле А.Мамаюсупов менен Солак мырза Түрк кызматташтык институттардын ортосундагы кызматташтыктын негизги механизмдеринин маанилүүлүгүн белгилешти.