Tuesday, 07 December 2021, 22:06:14 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

“ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр акыркы 25 жылда” аттуу эл аралык конференция

2016-жылдын 24-ноябрында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинде Түрк маданияты жана мурасы фондунун колдоосу менен “ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр акыркы 25 жылда” аттуу Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын Бакудагы элчилери, ошондой эле Түркиянын кызматташуу институттарынын жана Эл аралык Түрк академиясы, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлиги, Архитекторлор жана инженерлер бирлиги сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Түрк тилдүү мамлекеттердин акыркы 25 жылдагы жетишкендиктери, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык, экономикалык жана маданий байланыштардын перспективалары талкууланды. Конференцияда сөз сүйлөгөн Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасынын орун басары Зияфат Асгаров Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн тарыхы жана өлкөнүн акыркы 25 жылдагы жетишкендиктери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ал катышуучуларга конференция Түрк тилдүү мамлекеттердин көзкарандысыздык тарыхына көз чаптыруу үчүн маанилүү окуя болгонун маалымдады.

"Белгилүү болгондой, Азербайжан элинин Улуттук лидери Гейдар Алиев Түрк тилдүү элдердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берген", - деди Зияфат Асгаров мырза.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева катышуучуларга Фонддун максаттары жана милдеттери жөнүндө кыскача маалымат берип, көзкарандысыздык мезгилинде Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий байланыштарынын өнүгүшү жөнүндө айтып берди.

Конференцияда Казакстандын Азербайжандагы элчиси Бейбит Исабаев мырза, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Айжигит Буранов жана Түркиянын Азербайжандагы элчиси Эркан Өзорал мырза сөз сүйлөп, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу жана эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулашты.

Азербайжан Республикасынын Парламентинин депутаты Низами Джафаров мырза, Кыргыз Республикасынын Парламентинин депутаты Музаффар Исаков, Түркия Республикасынын Парламентинин депутаты Фейзулла Кыйыклык мырза акыркы 25 жылда Түрк тилдүү мамлекеттердин жетишкендиктери жөнүндө айтып берип Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган биринчи өлкө катары, Түркиянын бул өлкөлөрдүн улуттук көзкарандысыздыгын чыңдоо жана алардын келечектеги өнүгүшү үчүн колдоп турганын баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан Азербайжандын жана Түркиянын тарыхый жерлерин чагылдырган белгилүү азербайжан сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Конференция быйыл ТҮРКПА тарабынан Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган бир катар иш-чаралардын алкагында өттү.