Tuesday, 07 December 2021, 22:06:55 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жаш парламентчилердин биринчи жыйыны

2019-жылдын 27-ноябрында Казакстандын Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилиси жана ТҮРКПА тарабынан "Жаштардын баалуулуктары жана парламенттик тилектештик" темасында жаш парламентарийлердин биринчи жыйыны биргелешип уюштурган.

Казакстан Парламентинин Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы жана ТҮРКПАнын Экономикалык Кызматташтык Комиссиясынын төрагасы Берик Оспанов модераторлук кылган жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, ошондой эле Казакстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү чогулушту.

Ачылыш сөзүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жаштарды ар кандай маанилүү тармактарда өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошкон, парламентаризмдин жана парламенттер аралык мамилелердин кыймылдаткыч күчү катары баалады. Мамаюсупов мырза бул жолугушууну Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар саясаты боюнча жалпы концепциясын калыптандыруу жолундагы алгачкы кадамы катары белгилеп, иш-чара жаш парламентарийлерге өз ара ой-пикирлерин жана идеяларын бөлүшүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Жолугушуу башка катышуучулардын сөздөрү менен уланып, жаш парламентарийлердин жыйынтыктоочу документин кабыл алуу менен аяктады.