Wednesday, 01 December 2021, 13:25:28 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Аял парламентарийлердин эл аралык конференциясы

2019-жылы 14-июнда Баку шаарында "Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү Түрк дүйнөсүндөгү аялдардын ролу" темасында аял парламентарийлердин эл аралык конференциясы уюштурулган. Конференцияны ТҮРКПА жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси биргелешип уюштурушту.

Конференцияга ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Түркмөнстан менен Венгриянын Бакудагы элчилери жана аккредитацияланган дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, Азербайжандын мамлекеттик органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземине Милли Мажилисинин Төрагасынын орун басары Бахар Мурадова, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Үй-бүлө, аялдар жана балдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Хижран Гусейнова, Казакстан Парламентинин депутаты Гүлжан Карагусова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтибаева катышып, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жана ТҮРКПАнын Укуктук иштер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын мүчөсү Нурхаят Алтажа Кайышоглу, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Эфендиева жана БУУнун Азербайжандагы туруктуу координатору Гулам Исакзай сөз сүйлөштү.

Бахар Мурадова катышуучуларды куттуктап жатып, ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн аял парламентчилери Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүүдө маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи. Вице-спикер конференциянын эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоону камтуу жагынан маанисин баса белгиледи.

Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов өз сөзүндө Түрк тилдүү мамлекеттердеги аялдардын орду чоң экендигин белгилеп, Түрк элдеринин үй-бүлөлүк баалуулуктарындагы окшоштуктарга токтолду. Дүйнөлүк күн тартибинде гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Мамаюсупов мырза конференцияны гендердик маселелерди талкуулоо аянтчасы катары мүнөздөдү, ошондой эле бул жаатта мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу мүмкүнчүлүгүн белгилеп, уюмдун башка гендердик уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Азербайжанда гендердик теңчиликке жетүү үчүн жагымдуу мыйзамдык жана ченемдик укуктук база бар экендигин белгилеп, Хижран Гусейнова Биринчи вице-президент Мехрибан Алиеванын бул жааттагы өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ачылыш аземинен кийин конференция "Түрк тилдүү өлкөлөрдө гендердик теңчилик үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүү: туруктуу өнүгүүгө кадамдар" жана "ТҮРКПА Түрк дүйнөсүндө аялдар арасында диалогду бекемдөө платформасы: келечекке көз чаптыруу" деген эки панелдик сессия менен уланды. Панелдик сессиялардын модераторлары катары Кыргыз Республикасынын коомдук ишмери Роза Акназарова, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү Севинж Гусейнова жана ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү катышты. Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар сөз сүйлөп, тема боюнча пикир алмашышты.

Конференция жыйынтыктоочу документ - Баку декларациясын кабыл алуу менен аяктады.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы