Tuesday, 07 December 2021, 23:16:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Чыңгыз Айтматовдун Досторунун жолугушуусу

2018-жылдын 15-майында ТҮРКПАнын Катчылыгы Азербайжандын Жазуучулар Союзу менен биргеликте белгилүү кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара уюштурду. Иш-чарага Чыңгыз Айтматов менен көзү тирүү кезинде таанышкан парламент депутаттары, дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү, белгилүү жазуучулар жана башка коомдук ишмерлер чогулушту. Катчылык тарабынан уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнөн кийин Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөп, андан соң Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рзаев сөз сүйлөдү. Иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолгон Башкы катчы ошондой эле Чыңгыз Айтматов Азербайжандын улуу досу болгонун, мурунку союздук республикаларда жашаган элдердин сүйүктүү жазуучусу катары таанылгандыгын жана анын чыгармалары 76 тилге которулгандыгын белгиледи. Тактап айтканда, Мамаюсупов мырза Чыңгыз Айтматовдун Азербайжанда өткөн көптөгөн эл аралык форумдарда ардактуу конок болгонун, Президент Ильхам Алиев менен жолугушуп, Азербайжан Президентинин жетекчилиги астында жасалган иштерди Түрк дүйнөсүнүн чоң жетишкендиги катары бир нече жолу жогору баалады. Кыргыз маданияты жөнүндө сөз кылып жатып, Анар Рзаев мырза Чыңгыз Айтматовду бул маданият дүйнөгө берген эң жогорку баалуулуктардын бири катары баалады. Рзаев мырза Чыңгыз Айтматовдун коомдун моралдык-этикалык баалуулуктарына чоң таасирин тийгизген эң белгилүү чыгармаларын белгиледи.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана адабий мурасы жөнүндө тартылган видео тасма менен уланды.

Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Бакыт Усупов, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү, Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын Вице-президенти Иса Хабиббайли, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Эфендиева, Түркиянын Азербайжандагы Элчиси Эркан Озорал, Милли Мажлисинин мүчөсү, Кыргызстандын Парламенттер аралык достук тобунун башчысы Муса Гулиев мырза, акын, филолог Сабир Рустамханлы жана башка коноктор сөз сүйлөштү.

Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов мырза атасынын элесине көрсөтүлгөн сый-урматка ыраазычылыгын билдирип, иш-чараны уюштурууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирди. Айтматов мырза ошондой эле чыгармачылыктын ар кайсы мезгилдериндеги атасы жөнүндө айрым эскерүүлөр менен бөлүштү.

Иш-чара Президент Ильхам Алиевге катышуучулардын атынан Бакудагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү жана анын эстелигин орнотуу өтүнүчү менен аяктады.