Tuesday, 07 December 2021, 22:47:16 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

“Мамлекетер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү процессинде жаш лидерлердин ролу” эл аралык конференциясы

2012-жылы 14-16-октябрда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Катчылыгы тарабынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны (TBMM), Түрк Кызматташтык жана Координация Агентствосу (ТИКА), Азербайжан Жаштар Фонду, Түрк Дүйнөсү Муниципалитеттер Бирлиги жана Каспий Стратегиялык Институтунун колдоосу менен 2012-жылдын 14-16-октябрында Стамбулда “Мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жаш лидерлердин ролу" аттуу эл аралык конференциясы болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Россия, Молдова, Грузия, Украина, Сербия, Черногория, Македония, Латвия, Литва, Хорватия, Венгрия, Румыния, Босния жана Герцеговина, Египет, Пакистан, Ирак жана Марокко сыяктуу 25 мамлекеттин депутаттары, дипломаттары, Европа парламентинин мүчөлөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жеке мамилелерди жана диалогду түзүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн жаш лидерлерин бириктирүү, ар башка маданият, тил жана каада-салтка ээ болгон региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы келечекти бирге куруу, тилектештиктин алкагында тарыхый, маданий жана географиялык баалуулуктарды жайылтуу жана бул иште жаштардын ролун жогорулатуу – Форумду өткөрүүнүн негизги максаттары болуп эсептелет.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКПАнын Башкы катчысы Рамил Гасанов “Региондогу бүгүнкү жаш лидерлер келечектин лидерлери” деген ураан менен уюштурулган форум ТҮРКПАнын бир тууган элдердин ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдарынын бири болоорун айтты. Бул иш-чарага катышкан жаштардын көпчүлүгү жакынкы аралыкта мамлекеттик кызматтарда иштешет, бул алардын кесиптештери менен тыгыз иштешүүсүнө шарт түзөт.

Ачылыш аземинен кийин форумдун катышуучулары "Перспективалар жана жаш лидерлер", "Тажрыйба алмашуу жана диалогду өнүктүрүүдөгү заманбап технологиялардын ролу" сыяктуу маселелер боюнча талкууларды улантышты. Талкууга Түркия жана Азербайжан парламентинин мүчөлөрү, ошондой эле Литва, Сербия жана Босния жана Герцеговина парламенттеринин мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын аягында жаш лидерлер тарабынан салттуу жана парламенттик дипломатиянын биргелешкен иш-аракеттери аркылуу региондо тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, аймакты достуктун жана боордоштуктун үйүнө айлантуу үчүн биргелешкен кайрылуу кабыл алуу пландалууда.

www.azertag.az