Saturday, 04 December 2021, 14:22:52 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын бешинчи жыйыны 2016-жылдын 24-майында Астана шаарында, Казакстан парламенти тарабынан өткөрүлдү. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты жана комиссиянын төрагасы Садык Шер-Нияздын жетекчилиги астында өткөн жыйынга мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, ошондой эле Түрк Кеңешинин жана ТҮРКСОЙдун өкүлдөрү катышты.

Түркия парламентинин депутаты Мустафа Бозкурт мырза жыйын күн тартибинин негизги темасы "Кырсыктарды жана кризистик кырдаалды жөнгө салууда мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы" боюнча докладын жасады жана сунушун берди.

Депутаттар мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы табигый кырсыктардын алдын алуу жана калыбына келтирүү жаатында кызматташуу маселелерин, кырсыктардын кесепеттерин азайтуу боюнча улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан иш-чараларды жана өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Владимир Беккер мырза комиссиянын мүчөлөрүнө Казакстандын улуттук саясаты жөнүндө маалымат берди.

Жыйын Садык Шер-Нияз мырза тарткан "Курманжан Датка" кыргыз тарыхый тасмасынын бет ачары менен аяктады.

Комиссиянын кезектеги алтынчы жыйыны 2017-жылы Кыргызстанда өтөт.