Thursday, 09 December 2021, 01:57:43 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия

ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны
Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия
30.05.2019
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны 2019-жылдын 30-майында, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) тарабынан өткөрүлдү. Жыйындын негизги темасы "Жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туртуктуу пайдалануу: укуктук колдоо" маселеси болду.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия
14.09.2018
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өткөрүлдү. Жолугушуунун күн тартибиндеги негизги маселе “Гендик-модификацияланган организмдердин жайылышынын таасири” болду.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия
22.06.2017
Казакстан Республикасынын Парламенттик Ассамблеясы өткөргөн ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны 2017-жылдын 22-июнунда Астана шаарында өттү. Үчүнчү жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Мүчө өлкөлөрдө альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү” болду. Жыйын жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө арналган ЭКСПО-2017 Астана эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө арналды.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия
24.11.2016
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны 2016-жылдын 24-ноябрында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин колдоосу астында өттү. Катышуучулар жолугушуунун "Глобалдык Климаттын Өзгөрүшү: ТҮРКПАга мүчө мамлекеттер үчүн себептер жана кесепеттер" темасын талкуулашты. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан келген парламент депутаттары, ошондой эле Түркиянын кызматташуу институттарынын жана биргелешкен уюмдардын өкүлдөрү катышты.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны
Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссия
02.04.2015
2015-жылдын 2-апрелинде Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү, академик Ахлиман Амираслановдун төрагалыгы астында ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги темасы Түрк тилдүү мамлекеттердеги чөлдөшүүгө каршы күрөшүү болду.