Thursday, 09 December 2021, 02:27:56 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Экономикалык кызматташтык Комиссиясы

ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
08.04.2019
2019-жылдын 8-апрелинде Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси (Парламент) тарабынан өткөрулгөн ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйынына мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери менен эксперттери чогулган. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Биргелешкен технологияны өнүктүрүү: ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн илимий жана ишкер чөйрөлөрүнүн ар тараптуу кызматташуусу” болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын алтынчы жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
28.09.2018
2018-жылдын 27-28-сентябрында Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан өткөрүлгөн ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын алтынчы жыйынына Азербайжан, Казакстан жана Түркиядан келген депутаттар катышты. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдө инновациялык ишкердиктин перспективалары” болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын бешинчи жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
07.12.2017
2017-жылдын 7-декабрында Бишкекте ТҮРКПАнын жетинчи пленардык жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Мүчө өлкөлөрдөгү экономикалык диверсификация” болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
10.11.2014
2014-жылдын 10-ноябрында Казакстан Республикасынын Парламентинде ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын төртүнчү жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы “Түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү кызматташтыгы” болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы маселелери боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
11.02.2014
2014-жылдын 11-февралында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинде ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы иштери боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. "Түрк тилдүү мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгында транспорттук коммуникациялардын ролу" жыйындын негизги темасы болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы маселелери боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
Экономикалык кызматташтык Комиссиясы
05.04.2013
2013-жылдын 5-апрелинде Анкара шаарында ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы иштери боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны болуп өттү. Түркия Улуу Улуттук Парламентинде өткөрүлгөн жыйында "ТҮРКПА мүчө өлкөлөрүндө инвестициялык климатты жакшыртуу" боюнча отчет жана сунуштама талкууланды.