Tuesday, 03 August 2021, 15:36:37 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Миссия жөнүндө

2010-жылдан бери ТҮРКПА миссиялары мүчө өлкөлөр болуп эсептелген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядагы президенттик, парламенттик шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүштү.

Миссияга ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин мүчөлөрү, ошондой эле ТүркПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү кирет.

ТҮРКПАнын байкоочулары Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорку даражалуу ысымдары жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрөт. ТҮРКПА миссиясы шайлоонун жүрүшүнө бардык баскычтарда байкоо жүргүзөт - шайлоо участкаларына барышат, даярдыктын жүрүшүнө баа беришет, шайлоочулар жана шайлоо участокторунун өкүлдөрү менен баарлашат, расмий адамдар, ошондой эле саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Байкоочулар 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык байкоочулардын жүрүм-турум кодексинде жазылган объективдүүлүк, калыстык, ачыктык жана бейтараптык принциптерин карманышат, Европа Кеңеши Венеция комиссиясынын сунуштарын жана башка эл аралык укуктук ченемдерди сакташат.

Байкоочулар миссиялары шайлоо жана референдумдун жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияларды өткөрүшөт.