Tuesday, 26 January 2021, 18:57:42 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк Кеңеши

Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңеши (Түрк Кеңеши) 2009-жылы эл аралык өкмөттөр аралык уюм катары түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү максатында түзүлгөн. Анын төрт уюштуруучу мүчөсү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия.

Түрк Кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) максаттары жана принциптери, башка эл аралык таанылган принциптер, суверендүү теңчилик, аймактык бүтүндүк, мамлекеттердин эл аралык таанылган чек араларынын кол тийбестиги, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту жана жакшы коңшулаштыкты сактоо, анын ичинде достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү жана башка эл аралык укуктун нормаларын сактаган эл аралык уюм.

Түрк Кеңеши - тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, мүчө өлкөлөрдүн кеңири кызматташтыгына көмөктөшүүгө жана жалпы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган уюм.

Түрк Кеңеши атайын өлкөлөрдүн тобун бириктиргенине карабастан, эксклюзивдүү ыкманы колдонбойт.

Тескерисинче, ал түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы терең байланыштарды жана тилектештикти жайылтуу менен Евразия континентинде, айрыкча Борбор Азияда жана Кавказда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы аймактык куралы болуп кызмат кылууну көздөйт.

Жалпы тарых, жалпы тил, жалпы иденттүүлүк жана жалпы маданият - негизги төрт түркүктүн негизинде курулган Түрк Кеңеши ушул жалпылыктар менен эле чектелип калбайт. Тагыраак айтканда, уюм мүчө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, ал эми экономика, илим, билим берүү, транспорт, бажы, туризм жана башка ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын кеңейип, аймакка пайда алып келүүсү үчүн көп тараптуу кызматташтыкка айлантууну өзүнө максат койгон.

Ошондой эле, Түрк Кеңеши мүчө мамлекеттердин чегинде гана чектелбейт, региондо, атап айтканда, транспорт, бажы, туризм ж.б. аймактарда

тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максаты менен коңшу өлкөлөр менен кызматташат.

Мындан тышкары, Түрк Кеңешинин ишмердүүлүгү Түрк Тилдүү Өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА), Эл аралык Түрк Маданияты Уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк Академиясы, Түрк Маданият жана Мурас Фонду жана Түрк Ишкердик Кеңеши сыяктуу уюмдар тарабынан колдоого алынат.

www.turkkon.org