Saturday, 17 April 2021, 10:34:55 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк Академиясы

2009-жылдын 3-октябрында Азербайжандын Нахчыван шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX саммитинде Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев түрк дүйнөсү боюнча эл аралык изилдөө борборун түзүүнү сунуш кылды.

2010-жылы 28-майда Казакстан Республикасынын борборундагы Тынчтык жана Ынтымак Сарайында Түрк Академиясы негизделген. Уникалдуу изилдөө борборунун ачылыш аземине Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын Президенти Абдулла Гүл, АКШ, Россия (Татарстан, Башкортостан, Чувашия жана Якутия), Өзбекстан, Кыргызстан жана Украинанын белгилүү түркологдору катышты.

2012-жылдын 22-23-августунда Кыргыз Республикасынын борборунда болуп өткөн Түрк Кеңешинин 2-Саммитинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия Республикасынын Президенти Абдулла Гүл, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Артур Расизаде Түрк академиясына эл аралык статус берүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Ратификациялоо процедурасы аяктагандан кийин, Казакстанда 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан Түрк академиясы 2014-жылдын 28-августунда эл аралык статуска ээ болду.

Максаты: Байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы боюнча илимий изилдөө иштерин координациялап, жергиликтүү булактарга таянып, түрк цивилизациясынын адамзат цивилизациясына кошкон салымын баалоонун уникалдуу борборго айлануу.

Миссиясы: Түрк дүйнөсүндө илимий кызматташтыкты жетектөө, түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштууларынын демилгелерин колдоо жана академиялык жолугушууларды туруктуу негизде уюштуруу.

www.twesco.org