Tuesday, 26 January 2021, 18:55:10 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк Маданияты жана Мурасы Фонду

Түрк маданияты жана мурасы фонду 2012-жылы август айында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Экинчи саммитинин учурунда түзүлгөн.

Түрк маданияты жана мурасы фонду Баку шаарында жайгашкан жана мүчө өлкөлөрдө түрк мурастарын коргоо, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып барат.

Фонд түрк маданиятын жана мурастарын коргоого, изилдөөгө жана жайылтууга ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду жана программаларды колдоо жана каржылоо менен жардам берет. Өз ишмердүүлүгүн ТҮРКСОЙ жана Түрк академиясы менен кызматташтыктын алкагында жүргүзөт.