Saturday, 16 October 2021, 13:20:34 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Парламент төрагалары кол койгон Макулдашуунун негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн.

2009-жылдын 29-сентябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) биринчи пленардык жыйыны болуп өттү. Пленардык жыйында ТҮРКПАнын Регламентин, Катчылыгынын Уставын жана Баку Декларациясын түзүү жана Катчылыкты Бакуда туруктуу негизде жайгаштырылуусу чечими кабыл алынды.

ТҮРКПАга төрагалык кылуу кезеги жылына бир жолу англис алфавитин колдонуу менен бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрүлүп берилет.

ТҮРКПАнын Катчылыгы - Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында жайгашкан эл аралык уюм.