Төрага

Eрлан КОШАНОВ мырза
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Тѳрагасы
_________________________________________________________
1962-жылы Караганда облусунда туулган. 1984-жылы Караганда политехникалык институтун, ал эми 1999-жылы — Казак мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.
Окууну аяктагандан кийин ал Жезказган тоо-кен металлургиялык комбинаттын байытуучу фабрикасынын слесари, мастери болуп иштеген.
1988-1990-жылдар — Казакстан Жезказган ЛКЖБ областтык комитетинин жумушчу жана айылдык жаштар бөлүмүнүн инструктору, жаштардын социалдык-экономикалык проблемалары боюнча бөлүмүнүн башчысы.
1990-1995-жылдар — Жезказган экономикалык байланыштар боюнча областтык комитетинде адис, бөлүм башчы, төраганын орун басары, төрага кызматтарында иштеген.
1995-1999-жылдар — Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты.
1999-2001-жылдар — Өкмөттүн Казакстан Республикасынын Парламентиндеги өкүлү.
2001-2003-жылдар — Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары — Өкмөттүн Казакстан Республикасынын Парламентиндеги өкүлү.
2003-2006 – Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.
2006-2007-жылдар — Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация комитетинин Төрагасы.
2007-2012-жылдар — Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары — Өкмөттүн Казакстан Республикасынын Парламентиндеги өкүлү.
2012-2017-жылдар — Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси.
2017-2019-жылдар — Караганда облусунун акими.
2019-2022-жылдар — Казакстан Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси.
2022-жылдын 1-февралында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы болуп шайланган.
I даражадагы «Барыс» (2021), «Парасат» (2013), «Күрмет» (2007) ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Казак, орус, немис тилдеринде сүйлөйт.