Tuesday, 04 August 2020, 20:33:13 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТҮРКПА катчылыгында болду

2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана ТҮРКПАнын аракеттеги Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТҮРКПА Катчылыгында болду. Жогорку Кеңештин Төрагасын ТҮРКПА Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана Баш катчынын орун басарлары Фуад Алекперов, Наурыз Айдаров жана Али Йылдыз тосуп алышты.

Төраганы Азербайжан-Кыргызстан парламенттик достук тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Бакудагы дипломатиялык өкүлдөрү коштоп жүрдү.

ТҮРКПА Катчылыгынын ишинен кабар алган Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Катчылыктын бакчасына бак отургузуу жөрөлгөсүнө да катышты. Ошону менен катар ал Азербайжан жана Кыргызстандын парламентчилери менен бирдикте ТҮРКПА Баш катчысы жана анын орун басарлары менен жолугушуп, өз ара баарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташуунун келечеги, колдонулбай жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз кылып, аларды ыкчам жана натыйжалуу өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде ТҮРКПА Баш катчысы Кыргызстан парламентинин спикерине ТҮРКПАнын азыркы таптагы ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары тууралуу сөз кылып, ошону менен катар алдыдагы ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйынына жана ТҮРКПАнын 10 жылдык маарекесине даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуудан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Азербайжандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маек куруп берди.