Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Парламент төрагалары кол койгон Макулдашуунун негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн.
2009-жылдын 29-сентябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) биринчи пленардык жыйыны болуп өттү. Пленардык жыйында ТҮРКПАнын Регламентин, Катчылыгынын Уставын жана Баку Декларациясын түзүү жана Катчылыкты Бакуда туруктуу негизде жайгаштырылуусу чечими кабыл алынды.
ТҮРКПАга төрагалык кылуу кезеги жылына бир жолу англис алфавитин колдонуу менен бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрүлүп берилет.
ТҮРКПАнын Катчылыгы - Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында жайгашкан эл аралык уюм.
ТҮРКПАнын негизги максаттары:
• Парламенттер аралык кызматташуунун сапаттуу жаңы баскычы болуп эсептелген парламенттик дипломатиянын жардамы менен мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогду андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
• Түрк мамлекеттер менен региондогу башка өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
• Тарых, көркөм чыгармачылык, адабият жана башка чөйрөлөрдө түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жалпы мааниге ээ болгон маданий мурастарды жана баалуулуктарды коргоону жана келечек муундарга өткөрүп берүүнү камтыган мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
• Тараптардын ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, укуктук жана башка тармактарда мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берет;
Көз карандысыздык, суверендүүлүк, аймактык бүтүндүктүн жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги принциптерин урматтоо, тең укуктуулук, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө, күч колдонуу жана коркутуу коркунучу, экономикалык жана башка ар кандай кысым ыкмаларынан баш тартуу негизинде мамлекеттердин саясий жана экономикалык коопсуздугун чыңдоо, эл чарбасынын динамикалуу өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын толук жана натыйжалуу пайдалануу аркылуу элдердин жыргалчылыгын жогорулатуу, улуттук экономикалардын динамикалуу өнүгүшү, парламенттик дипломатия жаатындагы жаңы жетишкендиктер, региондук жана эл аралык коомчулуктун башка мүчө өлкөлөрүнүн парламенттери жана башка эл аралык уюмдар менен жаңы мамилелерди түзүү жана учурдагы мамилелерди өнүктүрүү - Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын негизги максаттары болуп эсептелет.