A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Жандос Асанов: «Кылымдарды карыткан кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн мындан дагы бекемдеп, өнүгүү жолунда баратат» - Turk-PA.org
Sunday, 25 August 2019, 11:16:30 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жандос Асанов: «Кылымдарды карыткан кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн мындан дагы бекемдеп, өнүгүү жолунда баратат»

24.08.2016 10:19
Жандос Асанов, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы Катчысы

(Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына арналган макала)

Кулаалы таптап куш кылдым,
курама жыйып журт кылдым...
(«Манас» эпосунан үзүндү)


Бир кезде Памир тоолорунан Байкөлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу кыргыз Каганатынын мурасы болгон Ала-Тоо жергесинде, 25-жыл мурда Кызыл Туу желбиреп, асман тиреген тоолордун мекени деп таанылган Кыргыз Республикасы жарыяланды.
Улуу Жибек Жолунда жайгашкан Кыргыз жергеси байыркы замандан бери грек, арап, перс, кытай цивилизациялары менен тааныш. Учурда Кыргыз мамлекети Чыгыш жана Батыш дүйнөсүнүн ортосундагы соода жана маданий салттардын айкалышы, ошондой эле 100дөн ашык этникалык топтун өкүлдөрүнүн үйү болуп калды.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү улуттар коомчулугунда жана түрк тилдүү өлкөлөр арасында орчундуу орун ээледи. Жалпы адамзаттык баалулуктарды сыйлаган, өзүнүн бай тарыхый жана маданий мурасын сактап калган Кыргыз Республикасы, заманбап түрк тилдүү өлкө катары таанымал болду.

Кыргыз Республикасынын БУУнун Адам укуктары боюнча кеӊештин мүчөсү катары 2016-2018-жылдар арасындагы мөөнөткө шайланышы, Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө катары кирүүсү жана башка орчундуу эл аралык жетишкендиктер жогоруда белгиленгендерге даӊаза болду.

Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы өзүнүн эң маанилүү мамлекеттик майрамын белгилейт – Эгемендүүлүктүн 25-жылдыгы. Бул күн даңктуу кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, жаңы доордун маанилүү барагы болуп саналат.

25-жыл мурун Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн заманбап дооруна кирди – коомдун кызыкчылыгына багытталган экономикасы менен ачык демократиялык мамлекет куруу алгачкы максат катары коюлду.

Азыркы күндө өлкө парламенттик республика форматында иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, өлкөнүн парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөө милдеттерин аткарган жогорку өкүлдүк орган. Мында, мамлекеттин Өкмөтү Жогорку Кеңештин алдында толук эсеп берээрин белгилей кетиш керек.

Парламенттин толук кандуу катышуусунда мамлекеттик түзүлүштүн баардык чөйрөлөрүндө реформалар башталып, жүргүзүлүүдө жана көздөлүүдө. Бул сот, укук коргоо, фискалдык, көзөмөлдөө жана башка чөйрөлөрдү дагы камтыйт.

Бүгүнкү күндө Парламент саясий жүрүмдөрдүн мизинде. Бара-бара, маанилүү, коомчулукту толкундаткан маселелер, саясий талаштар парламенттин дубалдарынан чыкпастан чечиле баштады.

Учурдагы парламенттин чакырылышында 6 саясий партия көрсөтүлгөн. Алар ар түрдүү программалардын жана идеологиялардын өкүлдөрү. Ар бир фракциянын кемчилиги коомчулукка кенен белгилүү болуп калктын талкуусуна алынууда. Анткени, коомдо мамлекеттик эмес уюмдардын ролу маанилүү денгээлде көрсөтүлгөн. Кыргызстандын жарандык сектору абдан активдүү жана жакшы уюштурулган. Азыркы күндө баардык катталган мамлекеттик эмес уюмдардын саны 15 миңден ашты.

Ар бир министрдин же мекеменин жетекчисинин ишкердиги Парламенттин депутаттарынын жана мамлекеттик эмес уюмдардын көзөмөлүнүн алдында.

Борбор Азиянын бөлүгү болгон Кыргыз Республикасы экономикалык жана геосаясий жагынан абдан чоң потенциалга ээ. Өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу денгээлде жыл сайын өсүүдө.

Мисалы акыркы 2015-жылы ички дүӊ өндүрүм 3,5%, анын ичинде, айыл чарба өндүрүмү 6,2 %, инвестициялар 8%, жүктөрдүн ташылышы 2,7%, ал эми чекене сатуулардын көлөмү 6% пайызга өстү.

Бүгүнкү күндө чет элдик инвесторлор үчүн уникалдуу жана өтө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн жарандары Кыргыз Республикасында 60 күнгө чейин визасыз жүрүүгө болот.

Аны менен бирге туристтик мүмкүнчүлүктөр эл аралык деңгээлге чыгарылганы кубандырбай койбойт. Тарыхы 3000-жылдан ашкан Ош шаары, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында таамай чагылдырылган Ыссык-Көл, Жалпы түрк элдерине таандык жазуучу Жусуп Баласагын жашап жана белгилүү «Кутатгу Билик» китебин жазган Баласагун шаарынын урандылары, Тоолук ханыша Курманжан Датка мекендеген Алай тоолору жана башка көптөгөн жерлер туристтер тарабынан даӊкталат. Деги эле өлкө уникалдуу жаратылыштык-климаттык, рекреациялык мүмүкүнчүлүктөргө бай. Мисалы, өткөн жылы кыргыз жергесине 4,5 миллион чет элдик турист келген. Жыл сайын бул сан 9,5% өсүүдө. Аны менен бирге, туризм, өлкөнүн глобалдашуу процессинде, экономикалык өнөктөштүк мамилелердин, маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө көмөкчү болууда.

Бул өңүттө, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында, Кыргыз жеринин бермети болгон, дүйнөнүн эӊ ири бийик тоолу көлдөрдүн бири - Ыссык-Көлдө “II Дүйнөлүк еөчмөндөр оюндарынын” өткөрүлүшү абдан маанилүү. Көчмөндөр дүйнөсү жүздөгөн элдердин баштарын бириктирет. Кайталанбас, өзгөчө маданияты анын салттарында, жашоо тиричилигинде чагылдырылган. Бул оюндар глобализациянын доорунда маданиятты жандандырып, сактап калуу, элдердин инсандык сапатын жогорулатып, дүйнөдөгү жашоо нугун тартиптештирүү максатына арналган. Бул маанилүү эл аралык маарекеде 35тен ашык өлкө катышаарын билдиришти, анын ичинде Азербайжан, Аргентина, АКШ, Белоруссия, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия Федерациясы, Сербия, Словакия, Тажикистан, Түркия, Түркменистан, Украина, Чехия, Шри-Ланка, Эквадор, Эстония жана Жапония бар. Аталган иш-чара Казакстан, Азербайджан, Түркия мамлекет башчылары тарабынан жакындан колдоо тапкан эле.

Андыктан, боордош түрк тилдүү өлкөлөр арасында өз ара ишенимди жана кызматташтыкты мындан дагы тереңдетүүнү көздөө менен көчмөн калктардын спорт оюндарын, салттарын жана мурасын дүйнөгө таанытуу максатында Кыргыз Республикасында Көчмөн цивилизациясынын борбору ачылууда.

Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу диалогго даяр, ачык өлкө. Өлкөдө өнөр жай жана тоо-металургиялык чоң потенциал камтылган. Кыргыз жергесиндеги асман тиреген, бийктиги жети миӊ метрден ашкан Жеӊиш, Ленин жана Хан Теӊир чокулуу улуу тоолордо периодикалык таблицанын баардык элементтери бар. Алтын, күмүш, алюминий, темир жана жаңы технологияларда кеңири колдонулган кремний сыяктуу тоо кендерине абдан бай өлкө. Эң башкысы, көптөгөн долбоорлордун ишке ашырылышына, аны менен бирге Кыргызстандын өнүгүшүнө кесипкөй жумушчу күч жана кол жеткидей баадагы электр кубаты түрткү болуп келет.

Заманбап дүйнөдө, өнүгүү жана прогресс энергиясыз мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасы эбегейсиз суу-энергетикалык потенциалга ээ жана ал активдүү түрдө өздөштүрүлүүдө. Өлкөдө өндүрүлгөн электр кубатынын 90% жаңыланып туруучу, башкача айтканда айлана-чөйрөгө зыян алып келбеген суу кубатынан өндүрүлөт. Өткөн жылы CASA-1000 долбоорунун бөлүгү болгон Датка-Кемин электр кубатын жеткизүүчү линия ишке киргизилип, Кыргыз Республикасы энергетикалык көз карандысыздыкка жетти. Эми СASA-1000 долбоору аяктаган соң Кыргызтанда өндүрүлгөн электр кубаты Тажикистан, Афганистан жана Пакистанга экспорттолот.

Транспорт жаатында өнүгүп жаткан процесстер да абдан кубандырат. Мисалы, өлкөнүн ар бир булуң-бурчундагы бардык аймактар жалпы узундугу 35 000ден ашык чакырымдагы ажырагыс кара жол менен бириктирилген. Андан тышкары, “Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан” жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын курулушу көздөлүүдө. Бул темир жол Тынч океандын портторун Персид булуңу жана Жер ортолук деңиз менен бириктирип калат.

Аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын бай жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүгө жана пайдаланууга түрткү болуу менен бирге эл аралык сооданын, туризмдин жана маданияттын мындан артык өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Жалпы түрк маданиятынын сыймыктанчуу мурасы - "Манас" эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жетпес маданий эстеликтердин катарынан орун алгандыгы белгиленген максатка байланыштуу. Эл эркиндикке, эгемендүүлүккө күрөш аркылуу гана жетише алган. Ушундан улам эпостун идеялык чордонун көп кылымдык тарыхында сандаган түркүн окуяларды башынан кечирген элдин эркиндик, эгемендүүлүк үчүн берген күч аракети түзөт. “Манас” эпосу, ата-бабаларыбыз миӊдеген жылдан бери басып өткөн тарыхий жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жатат.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү калктын турмушундагы маанилүү учур. Ал тарыхый жана саясий зарылчылык болуп кыргыз элине таандык мүнөздү калыптандырды: акылмандуулук, ырааттуулук, максатка багыттандуулук жана сабырдуулук. Жаңы турмуш куруунун биринчи күндөрүнөн баштап Кыргыз Республикасынын калкы чыныгы эркиндикке жана көз карандысыздыкка жетүү бул жалгыз гана эгемендүүлүк алуу эмес, мындан тышкары анын саясий жана экономикалык жактан түптөлүшү, бекемделиши жана эл аралык аренада татыктуу жана сый ордун табышы экендигин билип, өз күчүн ыйык максатка карай жумшаган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы, өзүнүн ырааттуу мамлекеттик саясатына жана стратегиясына таянып, ийгиликтүү саясий жана экономикалык системаны курду. Кыргыз мамлекети эл аралык коомчулугу тарабынан динамикалуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жетилген өлкө катары таанымал. Республика өзүнүн геосаясаттык салмагына ээ болду, баардык өнөктөштөрү менен бекем мамиле курду жана чет элдик инвестицияларга жагымдуу чөйрө түздү. Учурда эгемендүү Кыргыз Республикасы туруктуулуктун татаал сынагынан өтүп, өнүгүүнүн асердүү натыйжасын көрсөтүүдө.

Ал найтыжалардын жана орногон туруктуулуктун дагы бир кубандыруучу көрсөткүчү катары өткөн жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын 6-миллионунчу жаранынын төрөлүшүн белгилесек болот.

Улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматов айткан эле – “Кечээ күнкүлөр, бугүн эмне болуп жатканын билбейт, бүгүнкүлөр эртеӊ эмне болоорун билбейт” деп.

Анын сыӊарындай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө, жаш жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча саясатка жана ар түрдүү социалдык долбоорлорго чоӊ маани берүүдө. Андыктан Кыргыз Республикасында билимдүү, конструктивдүүлүккө багытталган жаш муун өлкө турмушуна өз пайдасын тийгизип жатканына күбө болуудабыз.

Бул күч аракеттер келечекте Кыргыз мамлекеттүүлүгүн мындан дагы бекемдеп, өнүгүп-өрчүүсүнө алып келээрине тереӊ ишенебиз.




http://kabar.kg/kyr/society/full/76381