A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Бактыкожа Измухамбетов Мажилис тѳрагасы, ТүркПАнын мѳѳнѳттѳгү тѳрагасы болду - Turk-PA.org
Friday, 28 January 2022, 06:56:30 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Бактыкожа Измухамбетов Мажилис тѳрагасы, ТүркПАнын мѳѳнѳттѳгү тѳрагасы болду

29.03.2016 16:56
2016- жылдын 25-мартында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин тѳрагасы болуп Бактыкожа Салахатдин уулу Измухамбетов шайланды.


Бактыкожа Салахатдин уулу Измухамбетов – 1948- жылы Гурьев облусу (азыркы Атырау облусу), Теңиз районунда туулган. Уфа мунай институтуну бүтүргѳн. Техника илимдеринин доктору.

1971-1991 -жылдары «Эмби мунай» бирикмесинин Прорва бургулоо конторасында, «Казмунайгазчалгындоо» башкармасында, Казак геологиялык чалгындоо илимий-изилдѳѳ мунай институтунда, чет элдик иш-сапарда Кеңеш мунай чалгындоо экспедициясында иштеди.

1991-1992 -жылдары Казакстан Республикасынын Геология жана жер казынасын коргоо министрлигинин бөлүм башчысы кызматын аткарган.

1992-1993-жылдары Казакстан Республикасы Геология жана жер казынасын коргоо министрлигинин Мунай жана газ башкармалыгынын башчысы болуп иштеди.

1993 жана 2003 жылдар аралыгында - «Казактүркмунай» биргелешкен ишкананын башкы директору, «КазМунайГаз» БИ ЖАК (СП ЗАО) үлүштѳрүн башкаруу боюнча аткаруучу директор, «КазМунайТеңиз» деңиз мунай компаниясынын башкы директору, «КазМунайГаз» БИ ЖАК УК үлүштѳрдү башкаруу боюнча башкаруучу директору кызматын аткарды.

2003 - 2006-жылдар аралыгында - Казакстан Республикасынын энергетика жана минералдык ресурстар биринчи вице-министри. 2006-2007-жылдары - Казакстан Республикасынын Энергетика жана минералдык ресурстар министри.

2007-2012- жылдар аралыгында - Батыш Казакстан облусунун акими.

2012- жылы Казакстан Республикасы Парламенти Мажилисинин V чакырылыштагы депутаты болду, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасыны орунбасары кызматын аткарды.

Ѳткѳн шайлоодо алтынчы чакырылыштагы депутат болоор астында Атырау облусунун акими кызматын аткарды.
Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар