A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү - Turk-PA.org
Tuesday, 20 August 2019, 02:25:54 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү

23.12.2016 17:39
Бүгүн, 22-декабрда Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Максат Сабиров Азербайжандын баш калаасы Бакуда курулган ТүркПА катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылыш аземине катышты.


Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ачылыш аземде сөз сүйлөп, бул имарат түрк тилдүү мамлекеттердин тыгыз кызматташуусуна жана бир туугандык мамиленин чыӊдалышына ынгайлуу шарт түзөрүн, айрыкча, парламенттер аралык байланыштарды арттырып, биргелешип иш алып барууга көмөкчү болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле боордош элдердин парламенттер аралык ассамблеясынын ишмердүүлүгүнө токтолгон Төрага Ч.Турсунбеков: "ТүркПА саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган парламенттик дипломатиянын өнүгүшүнө кенири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ассамблеянын башкы максаты көп тармактуу тыгыз байланышты ишке ашырып, өнөктөштүк мамилелерди өркүндөтүү болгондуктан, жети жылдан бери боордош мамлекеттерди достукка чакырган бир топ долбоорлор ишке ашырылды", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев иш-чарага келген түрк тилдүү мамлекеттердин парламент жетекчилерин кабыл алып, жаӊы ачылган имарат жалпы түрк элдеринин достугун чыӊдай берсин деген тилегин билдирди.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында меймандар Гейдар Алиевдин бейитине, Шейиттер аллеясына жана Түрк аскерлеринин эстелигине гүл чамбар коюшту.