A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Алматыдагы БУУ конференциясы - Turk-PA.org
Thursday, 17 October 2019, 07:09:57 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Алматыдагы БУУ конференциясы

14.12.2016 14:45
«Превентивдик дипломатиядагы парламентарийлердин ролу» аттуу семинар 2016-жылдын 12-13-декабрында Алматы шаарында БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдик дипломатия боюнча регионалдык борборунун уюштуруусу менен өттү.


Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикистан, Түркмөнистан, Өзбекистан, Орусия, Латвия жана Италиядан келген депутаттар жана эксперттер иш-чарага катышты. Борбордук Азиядагы коопсуздук, суу ресурстарын башкаруу, банги заттардын ташылышы, региондогу өлкөлөр арасындагы информациянын агымы, жана аталган маселелерди иреттөөдөгү региондогу парламент аралык кызматташтыкты жандандыруу темасы семинарда кенен талкууланды.

Жыйынга катышкан ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов ТүркПАнын максаттары, учурдагы эл аралык жана регионалдык уюмдар менен кызматташтыгы туралуу маалымат берди. Ж.Асанов семинардын бир сессиясынын модераторы болду.

Иш-чаранын алкагында ТүркПАнын Башкы катчысы БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азиядагы өкүлү Петко Драганов, парламент мүчөлөрү жана серепчилар менен маектешти.