A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

«ТүркПА өлкөлөрү соңку 25 жылда» аттуу конференция Бакы шаарында өттү - Turk-PA.org
Thursday, 17 October 2019, 07:21:49 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

«ТүркПА өлкөлөрү соңку 25 жылда» аттуу конференция Бакы шаарында өттү

25.11.2016 22:51
2016-жылдын 24-ноябрында Баку шаарында ТүркПАнын мүчө-өлкөлөрү арасындагы кызмтатташтыктын 25 жылдыгына арналган «ТүркПА өлкөлөрү соңку 25-жылда» аттуу конференция уюштурулду. Белгиленген иш-чарада катышуучулар кызматташтыктын курулушу, жетишкендиктери жана келечектеги перспективалар туралуу кеңири маалымат беришти.


Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Музаффар Исаков глобализация процесстеринин алкагында түрк өлкөлөрү арасындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу муктаждыгын жана ТүркПА бул иш-аракеттерди интститутциалаштырууда маанилүү ролго ээ экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айжигит Буранов өз сөзүндө Кыргыз Республикасы жана Азербайжан арасындагы кызматташтыктын жыл өткөн сайын бекемделип баратканын белгилеп, өнөктөштүктүн дагы да чоң потенциалы бар экендигине көңүл бурду.

Белгиленген конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Музаффар Исаков, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айжигит Буранов, Азербайжан Милли Межлисинин депутаттары Садагат Валиева, Низами Жафаров, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин депутаты Алия Сапарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Фейзуллах Кыйыклык, Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бейбит Исабаев, Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркан Өзорал жана Түрк дүйнөсүнүн кызматташтык уюмдарынын өкүлдүрү катышып Милли Межлистин депутаты Ахлиман Амирасланов төрагалык кылды.