A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын экинчи жыйналышы Бакы шаарында өттү. - Turk-PA.org
Sunday, 25 August 2019, 06:55:59 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын экинчи жыйналышы Бакы шаарында өттү.

25.11.2016 22:33
2016-жылдын 24-ноябрында Баку шаарында ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын экинчи жыйналышы болуп өттү. Белгиленген жыйында КР Жогорку Кенешинин депутаты Музаффар Исаков жана Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айжигит Буранов катышты.


Жыйын Дүйнөлүк Климаттын өзгөрүшүнө, анын себептери жана кесепеттери маселесине арналып, бул чөйрөдө аткарылып жаткан иш-аракеттер туралуу ар тараптуу талкууларга жемиштүү болду. Иш чаранын натыйжасында жактырылган сунуштамада мүчө өлкөлөрдө климаттык өзгөрүүгө каршы күрөш маданиятын калыптандыруу зарылдыгы айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө М.Исаков Комиссиянын катышуучуларына Кыргызстандагы айлана чөйрөнү коргоо боюнча аткарылган иштери туралуу маалымат берди. Айрыкча, «Таза суу» долбоору, экологиялык жактан таза азык-түлүктөр жана суугат жерлерди рационалдуу колдонуу боюнча долбоорлордун ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын бул чөйрөлөрдөгү кызмтатташтыкты бекемдөөгө кызыктар экенин маалымдалды.

Иш чарада кыргыз делегациясынан тышкары, Азербайжан Милли Межлисинин депутаттары Садагат Валиева, Мухтар Бабаев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин депутаты Алия Сапарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Фейзуллах Кыйыклык, Азербайжандын экология жана табигый ресурстар министринин орун басары Фирдовси Алиев катышып Милли Межлистин депутаты Ахлиман Амирасланов төрагалык кылды.

Казакстан тарабынын сунушу жана алфавиттик иретке ылайык Комиссиянын кезектеги жыйыны 2017-жылы Астана шаарында өтмөкчү болду. Ал жыйын «Экспо-2017» Эл аралык көргөзмөнүн темасынын алкагында алтернативдик энергияга арналмакчы.