A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Turk-PA.org
Sunday, 25 August 2019, 06:24:54 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

05.09.2016 16:39
Күч бирдиги – Рух бирдиги» аттуу ураан менен Борбор Азиялык калктарынын көчмөн мурасын барктап, жандандырууну көздөгөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрда салтанаттуу түрдө ачылды. Экинчи оюндар айтылуу Ысык -Көлдүн түндүк жээгинде 3-нөн 8-сентябрга чейин уланат. Дүйнөнүн 62 өлкөсүнүн 2000-жакын спортчу катышууда.

«Азыркы заманда адамзат өз тарыхын унутууда жана байыркы маданияттардын жоголуп кетүү коркунучу бар. Көчмөндөр цивилизациясы – баардык адамазат каалаган туруктуу өнүүгүнүн мисалы», деди Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ачылуу салтанатында.

Этникалык спорт түрлөрүн дүйнө жүзүндө өнүктүрүүнү көздөгөн бул маанилүү иш-чаранын жүрүшүндө көчмөндөр оюндарынын 23-түрүнөн, атап айтканда, бүркүт салуу, ордо, көк бүрү, эр оодарыш, ат чабыш, тогуз коргоол сыяктуу кызыктуу жарыш өтөт. Кырчын жайлоосунда жүздөгөн боз үй тигилип, келген көрөрмандарга этникалык музыка концерттери жана көчмөн цивилизациясы туралуу конференциялар уюштурулууда.

Экинчи көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине катышкан ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен кездешип, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуп, маектешти.