A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Демократия жана тилектештик саммити - Turk-PA.org
Thursday, 22 August 2019, 02:28:49 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Демократия жана тилектештик саммити

05.09.2016 16:31
Түркия Республикасынын Улуу Улуттук ассамблеясынын төрагасы Исмаил Кахраман мырзанын чакыруусунда Ирак өкүлдөр кеңешинин Спикери жана Ислам кызматташтык Уюмунун президенти Салим Ал-Жубури, Сербия Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрайымы жана Кара деңиз экономикалык кызматташтык боюнча Парламенттик Ассамблеясынын президенти Майя Гойкович айым, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Педро Аграмунт, Жер ортолук деңизинин Парламенттик ассамблеясынын төрагасынын орун басары Белал Касем, Европа кеңешинин вице-президенти Давид-Мария Сассоли, НАТО Парламенттик ассамблеясынын вице-президенти Паоло Алли жана Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) мѳѳнѳттѳгү тѳрагасынын атынан Казакстан Республикасынын Түркиядагы Элчиси Жансейит Түймебаев 2016-жылдын 1-сентябрында Анкарада Демократия жана тилектештик саммитине катышышты.


Түркия парламентинин жетекчиси, ТүркПА Кеңешинин мүчѳсү Исмаил Кахраман мырза ѳз сѳзүндѳ демократия, адам укуктары жана мыйзамдын үстѳмдүгү универсалдуу баалуулук катары кийинки муунга ѳткѳрүү максатта күрѳшүү зарылдыгын айтты. “Калкыбыз тѳнкѳрүш аракетине каршы кѳтѳрүлдү, ѳз жанын аяган жок, тилекке каршы 241 адам шейит кетти жана 2195 адам жабыркады”. “ Бул Саммитте 101 ѳлкѳнүн делегаттары 2 миллиард 900 миллион калктын атынан катышып жатат жана Түркиянын демократиясына баа жана колдоо кѳрсѳтүүсү”, - деп белгиледи Исмаил Кхраман мырза.

ТүркПАнын мѳѳнѳттѳгү тѳрагасынын атынан катышкан Казакстан Республикасынын Түркиядагы Элчиси Жансейит Түймебаев Казакстан Парламентинин Мажлисинин Тѳрагасы, ТүркПАнын мѳѳнѳттѳгү тѳрагасы Нурлан Нигматулин мырзанын саламын айтып, ТүркПА ар дайым демократия, адам укуктары жана мыйзам устѳмдүгү сыяктуу универсалдуу баалулуктарга ишеним кѳрсѳтѳрүн билдирип, Түркиянын лигитимдүү ѳкмѳтүн тѳнкѳрүү аракетин катту айыптоосун билдирди.

Саммиттин катышуучулары жалпы декларация кабыл алышты.