A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Гянжа – тарыхы бай жана кооз шаар - Turk-PA.org
Wednesday, 16 October 2019, 22:01:38 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Гянжа – тарыхы бай жана кооз шаар

02.07.2016 14:35
Гянжа шаарынын башчысынын орун басары Элнур Рзаев менен жолугушууда “Гянжа – түрк ааламынын маанилүү шаарларындан бири”, - деп айтты ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов. Ошондой эле Ж.Асанов Азербайжан эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүнүн 25-жылдык маарекеси менен да куттуктады.


Гянжа Азербайжан Демократиялык Республикасынын борбор шаары катары кыска убакыт болгондугуна карабастан түрк жана мусулман дүйнѳсүндѳ тунгуч республика болуп тарыхта ѳчпѳс мурас калтырган. Азыркы учурда Гянжа Азербайжандын ири жана ѳнѳр-жай шаарларынын бири.

Элнур Рзаев шаардын учурдагы ѳнүгүүсү, социалдык жана экономикалык иш чаралары жѳнүндѳ кыскача маалымат берди. Аталган жолугушууга Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Первин Керимзаде айым жана Нагиф Хамзаев мырза катышышты.

1-2-июлда Башкы катчынын Гянжа жана анын айланасына болгон иш сапары уланды.