A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев ыйык рамазан айынын башталышына карата Азербайжандагы мусулман өлкөлөрдүн элчилерин жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин кабыл алды. - Turk-PA.org
Sunday, 18 August 2019, 23:01:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев ыйык рамазан айынын башталышына карата Азербайжандагы мусулман өлкөлөрдүн элчилерин жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин кабыл алды.

20.06.2016 14:36
Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев ыйык рамазан айынын башталышына карата Азербайжандагы мусулман өлкөлөрдүн элчилерин жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин кабыл алды. Иш-чарага ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов катышты.


Президент Алиев ыйык орозонун башталуусу менен куттуктап, Азербайжанда мусулман мамлекеттердин элчиликтеринин санынын өсүшү ислам дүйнөсүндөгү достук менен өнөктөштүктүн бекемделип жатканын белгиледи. Мамлекет Башчысы Азербайжанда баардык диндер менен маданияттардын өкүлдөрүнүн татыктуу өмүр сүрүп жатканын, быйыл өлкөдө мультикультурализм жылынын жарыяланганын айтты.

Президент Алиев Тоолу Карабах маселесинин жана башка проблемалардын чечилишинде мусулман дүйнөсү биримдик менен туугандык көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Мусулман өлкөлөрдүн элчилеринин жана эл аралык уюмдарынын атынан Морокко королдугунун элчиси Хасан Хами Президент И.Алиевке ыйык рамазан айынын башталуусуна карата кабыл алганына ыраазычылыгын билдирди. Элчи Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тоолу Карабах маселесинин сүйлөшүүлөр жолу менен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине жана Азербайжан Республикасынын территориялык бөлүнбөстүгүнө ылайык чечилишин колдоорун белгиледи.