A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын 5-жыйыны өттү - Turk-PA.org
Friday, 28 January 2022, 05:40:56 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын 5-жыйыны өттү

24.05.2016 18:20
2016-жылдын 24-майында, Астана шаарында ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 5-жыйыны өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Төрагасы Садык Шер-Нияз алып барды.


Жыйынга баардык ТүркПАга мүчө мамлекеттердин депутаттары, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңешинин жана ТүркСОЙдун өкүлдүрү катышышты. Жыйындын күн тартибинин башкы темасы болгон «Кырсык жана кризистерге каршы күрөштөгү ТүркПА өлкөлөрүнүн кызматташтыгы» боюнча Комиссиянын баяндамасы жана сунуштамасы жактырылды. Белгиленген иш кагаздарды Түркиянын Парламентинин депутаты Мустафа Бозкурт сунуштаган.

Парламентарийлер мүчө өлкөлөр арасындагы табигый кырсыктарды алдын алуу, кыйраган абалды кайтадан калыбына келтирүү, улуттук деңгээлде кырсыктардын кесепетин азайтууда көрүлгөн иш чаралар жана белгиленген маселеде алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу боюнча пикир бөлүшүштү.
Жыйын комиссиянын Төрагасы тарабынын тартууланган «Курманжан Датка» аттуу тарыхый кинотасманын презентациясы менен аякталды.

Комиссиянын кийинки 6-жыйыны 2017-жылы Кыргыз Республикасында өтөт.
Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар