A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын МөөнөттөгүТөрагасы Түркмөнүстандын бейтараптыгынын 20-жылдыгына арналган иш-чараларга катышты - Turk-PA.org
Friday, 28 January 2022, 07:25:33 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын МөөнөттөгүТөрагасы Түркмөнүстандын бейтараптыгынын 20-жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

23.12.2015 16:38
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Төрагасы, ТүркПАнын МөөнөттөгүТөрагасы Кабиболла Жакыпов 2015-жылдын 11-12-декабрында Түркмөнүстанда болуп, өлкөнүн бейтараптыгынын 20-жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.


К. Жакыпов «Бейтараптык саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташтык» аттуу эл аралык конференциясында аталган күнге байланыштуу Казакстандын Президентинин Нурсултан Назарбаевтын куттуктоосун окуду.

Сапар алкаганда К.Жакыпов Ашхабад шаарында Түркмөнүстан Межлисинин төрайымы Акджа Нурбердыева менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, карым-катнаштын бекмдөөсү, эки өлкө башчыларынын иш-сапарлары менен өз ара кездешүүлөргө жол ачаарын белгиледи. Ошондой эле, кол коюлган келишимдерди жүзөгө ашыруу Казак-түркмөн өзара кызматташуунун жаңы сапатуу деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгө болоору айтылды. А.Нурбердыева башка мамлекеттер ишине аралашпоочу, тынчтыкты сүйүүгө негизделген бейтараптыктын түркмөн модели туралуу маек курду. К.Жакыпов Түркмөнүстандын дүйнөдө ядролук курал таратпоо жобосуна берилгендигин белгилеп Түркмөнүстанды ү.ж. жылдын сентябрь айында МАГАТЭ уюмуна мүчө болушу менен куттуктады.

Тараптар эки мамлекеттин авто-транзиттик потенциалына көңүл буруп, соода-экономикалык интеграция маселесине токтолду. Парламент өкүлдөрүнүн айтышынча, экономикалык байланышты системалык өнүгүү жолунда «Казакстан – Түркмөнүстан - Иран» темир жолу магистралынын олуттуу орду бар. Аны менен катар, «Батыш Европа – Батыш Кытай» авто жолу, «Түркмөнүстан – Ооган – Пакистан – Индия» сыяктуу чоң долбоорлордун мааниси зор. К.Жакыпов менен А.Нурбердыева эки өлкөнүн парламенттеринин мызам чыгаруу иштер багытындагы тажрыйбалары туралуу сөз козгошуп, парламенттер аралык катнаштарды мындан ары өнүктүрүү маселесине көңүл бурду. К.Жакыпов түркмөн кесиптешин Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар