A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Бакуда Казак хандыгынын 550-жылдыгы менен Абайдын 170-жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү - Turk-PA.org
Friday, 28 January 2022, 20:30:09 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Бакуда Казак хандыгынын 550-жылдыгы менен Абайдын 170-жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

23.12.2015 16:56
Баку Мамлекеттик университетинде 2015-жылдын 22-декабрында Казак хандыгынын 550-жылдыгы менен казактын улуу акыны Абай Кунанбаевтин 170-жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү.


Иш-чараны Казакстандын Азербайжандагы Элчилиги уюштуруп, ага Түрк Академиясы, Ал-Фараби атындагы Казак Улуттук университети жана ТүркПА колдоо көрсөттү.

Конференциянын конокторунун арасында Казакстан Республикасынын Азербайжандагы Элчиси Бейбит Исабаев, Казакстандын мамлекеттик жана коомдук ишкери, эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменов, Ал-Фараби атындагы КазГУнун ректору Галымкайыр Мутанов, Баку мамлекеттик университетинин ректору Абел Махаррамов, Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Рамил Гасанов, ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов, Эл аралык Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Түрк маденияты жана мурас фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттары, Бакуда катталган түрк тилдүү жана европалык өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынык башчылары менен өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан, Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн илимпоздору катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азербайжандык калктын, ошондой эле чет элдик коноктордун назарына Казак хандыгы жана Казак мамлекеттүүлүлгүнүн курулуусу менен калыпташуунун тарыхы менен аспектилери, улуу Абайдын чыгармачылык мурасы салынды.

Андан башка, Элчт Б.Исабаев куттуктоо сөзүндө Азербайжан тилинде басып чыгарылган «Казак хандыгы: түбү, салттары жзана мурасы» аттуу жыйнагын таныштырды.

Конференциянын соңунда Ал-Фараби атындагы КазГУ менен БМУнун арасында кызматташтык боюгча меморандумга кол коюлуп, эстелик медальдар тапшырылды, Казак хандыгы туралуу докмуенталдык фильм көрсөтүлдү, ошондой эле катышуучулур Ал-Фараби атындагы КазГУ чыгармачылык тобунун өнөрүнө күбөө болду.

Өз кезегинде, Казак хандыгынын 550-жылдыгына арналган чаралардан кийин Баку мамлекеттик университетинде казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдын 170-жылдыгына арналган төгөрөк стол уюштурулду.

Конференцияда сөз сөйлөгөн ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов улуу Абай мурасын, ошондой эле, Низами Генджеви, Несими, Физули сыяктуу Азербайжандын данышман ойчулдарынын эмгектерин Казак тилинен түз Азербайжанчага же Азербайжан тилинен Казакчага көркемдүгүн жоготпой которуу маселелерине көңүл бөлүү керектигин баса белгиледи.
Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар