A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПА Башкы катчысы Нахчиваньда иш сапары менен болду - Turk-PA.org
Friday, 28 January 2022, 07:37:52 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПА Башкы катчысы Нахчиваньда иш сапары менен болду

28.10.2015 16:56
2015-жылдын 27-октябрда ТүркПА Башкы катчысы Жандос Асанов Нахичевань Автомомиялуу Республикасында болуп, жергиликтүү жетекчилик жана башка расмий адамдар менен жолугушту. Али Межлистин тѳрагасы Васиф Талибов мырза Жандос Асановду жылуу тосуп алды. Али Межлистин тѳрагасы ТүркПАнын Башкы катчысына автомонмияда болуп жаткан ѳнүгүүлѳр жѳнүндѳ жана жергиликтүү индустрия тармагында жетишкендиктер, азык-түлүк коопсуздугун, калкты иш орундары менен камсыз кылууда иш аракеттер менен кыскачы маалымдады. В.Талибов мырза 2009-жылы Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн башчылар саммитинде Түрк Кеңешин түзүү боюнча кол коюлган Нахичевань Макулдашуусун эске түшүрдү.


ТүркПА Башкы катчысы тарыхы, маданияты бай жана Азербайжандын улуу лидери Гейдар Алиевдин тѳрѳлгѳн жана карьерасын баштаган регионго келгенине кубанычтуу болгонун билдирди. Асанов мырзаТүрк тилдүү ѳлкѳлѳр арасында кызматташтыктын парламенттик ѳлчѳмү болгон ТүркПАнын иш чаралары жѳнүндѳ кыска маалымат берип, Нахичеванда биргелешкен иш чара ѳткѳрүүнү карап чыгуусун сунуштады.

ТүркПА Башкы катчысынын иш сапары алкагында Гейдар Алиевдин музейине барып музейдин жетекчилери менен сүйлѳштү. Башкы катчынын маданий программасы Момине Хатун мазарын, жергиликтүү мечит, Нахчивань килем музеи жана кѳпчүлүкѳ таанымал Нахичевандын туз шахтасында жайгашкан Дуздаг физиотерапия госпиталин камтыган. Ошондой эле Ж.Асанов мырза Нахичеван Бизнес борборунда жергиликтүү ѳндүрүш анын ичинде жаңы технологиянын колдонуусунда чыккан продукция менен танышты.

Ошол эле учурда ТүркПА Башкы катчысы жергиликтүү премьер-министр Аловсат Бахшиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Махарам Гасимов, Азербайжан тышкы иштер министрлигинин департаментинин башчысы Асгар Исмаилов жана Илим академиясынын Нахичеван департаментинин башчысы Исмаил Гажиев менен жолугушту.
Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар