A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын Башкы катчысы Аксакалдар кеңешинин жыйынына катышты - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 01:41:15 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын Башкы катчысы Аксакалдар кеңешинин жыйынына катышты

13.08.2015 14:33
Аксакалдар кеңешинин 9-жыйыны 2015-жылдын 6-7-августунда Азербайжандын Габала шаарында ѳттү. Жыйынга Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты жана Кеңештин башчысы Фаттах Гейдаров, элчи жана Казакстан Республикасынын Сенатынын мурунку депутаты Адил Ахметов, Түркиянын Улуу Улуттук Ассамблеясынын депутаты Мустафа Эсен катышышты. Кыргызстан аксакалы Бексултан Жакиевдин ордуна Кыргызстандын Бакыдагы элчиси Айджигит Буранов катышты. Башкы катчы Жандос Асанов да Түрк кеңешиинин чакыруусу боюнча катышты.


Жыйындын күн тартибине ылайык Эл аралык түрк академиясы жана “Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциялашуу боюнча концепциясы “ тарабынан даярдалган орто мектептердин окуучулары үчүн жалпы түрк тарыхы китепчеси боюнча маселелер каралды. Ошондой эле катышуучулар Аксакалдар кеңешинин мурунку жыйынында каралган сунуштамалардын жана макулдашылган маселелердин учурдагы абалын талкуулашты. Кеңештин мүчѳлѳрү 2-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарыны 2016-жылы Кыргызстанда уюштуруу боюнча сунуштаманы ошондой эле Спорт оюндары боюнча Түрк кеңеши университетин, Кѳчмѳндѳр борборун жана жаңы диаспора борбору ачуу маселелерин кабыл алышты. Аны менен бирге катышуучулар Түрк кеңешинин мүчѳ ѳлкѳлѳрдѳ ѳткѳн шайлоолордо байкоочу миссиянын катышуусун баалашты.

Жыйындын соңунда мамлекет башчыларына берилүүчү сунуштамаларды камтыган Протоколго кол коюлду.

Кийинки жыйынды 2015-жылдын октябрь айында Түркиянын Сакариа шаарында ѳткѳрүү чечилди.