A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПАнын туруктуу кеңешинде сѳз сүйлѳдү - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 01:24:37 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПАнын туруктуу кеңешинде сѳз сүйлѳдү

13.08.2015 14:28
ЕККУга Сербиянын мѳѳнѳттѳгү тѳрагалыгынын чакыруусу боюнча ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов 2015-жылдын 23-июлунда Венада ѳткѳн ЕККУнын туруктуу кеңешине катыштып сѳз сүйлѳдү. Ошондой эле аталган иш-чарага Түрк кеңешинин Башкы катчысы Рамиль Гасанов да чакырылган.




ТүркПАнын Башкы катчысы туруктуу кеңештин мүчѳлѳрүн ТүркПАнын аткарып жаткан иш-чаралары менен таныштырып келечекке коюлган максаттар жѳнүндѳ айтып, ТүркПАнын ЕККУ жана анын институттары менен диалогун андан ары ѳнүктүрүүгѳ ниеттүү экенин белгиледи. Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн кызматташтыгынын парламенттик ѳлчѳмү катары Ассамблея ЕККУнун ѳз алдында мүчѳ ѳлкѳлѳрдѳ стабилдүүлүк жана туруктуу ѳнүүгүүнү камсыз кылууга багыталган максаттарына жана принциптерине кошулат

Венага болгон сапар учурунда Башкы катчы ЕККУнун туруктуу кеңешинин тѳрагасы Вук Жугич, Азербайжан Республикасынын элчиси, Кыргыз Республикасынын элчиси Эрмек Ибраимов, Люксембургдун элчиси/ Европа биримдигинин ЕККУга делегациясынын башчысы Хуберт Вурт жана Казакстан, Түркия, Россия Федерациясы, Германия менен Америка Кошмо Штаттарынын расмий ѳкүлдѳрү менен жолугуп, маек курууга мүмкүнчүлүк болду.



Speech of the Secretary General

http://www.osce.org/pc/174141